TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган
Бишкек, 25-февраль. (КАБАР). 2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган. Маданият жана маалымат министринин сөзү боюнча бүгүнкү күндө республикада китеп басып чыгаруу чоң бизнеске айланган. “Басылмалар китептин сапатына эмес, тиражына көп көңүл бурушат. Таланттуу жаш жазуучулардын эмгектери каражаттын жоктугунан чыкпай келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында министрлик астында “Маданият” аттуу басмакана иштей баштайт. Бул жерде жазуучулар союзунан макулдук алган жаш жазуучулардын эмгектери жарык көрөт. Басмакана кыргыз тилиндеги адабий, дүйнөлүк классикалык адабияттын котормолоруна басым жасайт.
Министрлик астында ачыла турган “Маданият” басмаканасы акыркы технологиядагы Японияда даярдалган басып чыгаруучу техника менен камсыздалган. Бул басмакананын биринчи продукциясы “Доор” атуу кыргыз тилиндеги маданий журнал болмокчу
 
К. Бакиев Американын базасын чыгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду
БИШКЕК, 20-февраль (КАБАР). Президент Курманбек Бакиев бүгүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана АКШнын Өкмөтүнүн ортосунда бирге түзүлгөн келишим боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин 2001-жылдын 4-декабриндеги №542 нотасына жооп кайтарган нотасын денонсациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Кечээ Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында “Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда биргелешип түзүлгөн келишим боюнча АКШнын элчилигинин 2001-жылдын 4-декбариндеги №542 нотасына Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жооп кайтарган нотасын денонсациялоо жөнүндө” чечим кабыл алынган. Эми 180 күндүн ичинде Америкалыктар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө тийиш.
 
К. Бакиев: Кыргызстан менен Түркиянны ортосундагы товар жүгүртүү 240 млн. АКШ долларын түздү
БИШКЕК, 20-февраль (КАБАР). Бүгүн Өкмөт үйүнүн кичи залында Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев Түркиянын делегациясынын башчысы Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстар министри Мехмед Хильми Гелер менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчысы эки өлкөнүн кызмататштыгынын маанилүүгүн белгиледи. “Ушул жылдын май айында Түркиянын Президентинин Кыргызстанга расмий визити күтүлүп жаткандыгын” билдирди К. Бакиев.
Мамлекет башчысынны сөзү боюнча соңку жылдарда эки өлкөнүн экономикалык кызмататштыгы күчөп баратат. “Мен ал өтө көп темп менен өнүгөт деп ойлоймун. 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Түркиянны ортосундагы соода жүгүртүү 240 млн. АКШ долларын түзүп жана ошону менен ал мурдагы жылга салыштырганда 1,5 эсеге өскөндүгүн”, - белгиледи президент.
Өз кезегинде Түркиянын энергетик ажана жылуулук ресурстар министри Кыргыз жергесине келген Түркиянын делегациясы 30 адамдан тургандыгын билдирди. “Делегациянын курамына депутаттар, бизнесмендер, энергетика жана экономика ведомcтволордун өкүлдөрү, ошондой эле интеллигенциянын өкүлдөрү кирген”
 
Жогорку Кеңеш өкмөттүн АКШнын авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу чечимин колдоду
Бишкек 19-февраль (КАБАР) Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйынында биринчи болуп “Чогуу алганда КР Өкмөтү менен АКШ Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору талкууланды.
Бул маселе боюнча КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев баяндама жасады. Андан соң депутаттар өздөрү кызыктырган базага байланыштуу ар кандай суроолорду бере башташты. Акырында депутаттар өкмөттүн чечимин бир добуштан колдошту. Добуш берүүнүн натыйжасында 78 депутат макул, экөө каршы, бирөө калыс болду. Ошентип, “Манас” аэропортунда жайгашкан АКШ аскер аба күчтөрү биротоло чыгарылмай болду. Келишимге ылайык парламенттин чечими Бишкектеги АКШ элчилигине жөнөтүлөт. Андан кийин 180 күндүн ичинде алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетиши керек.
 
А.Турдумаматов: Жакында президенттин интернет-сайтында анын бардык жардыктарын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот
БИШКЕК, 18-февраль (КАБАР). Жакында президенттин интернет-сайтында анын бардык жардыктарын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул жөнүндө Бишкек басма сөз клубунда Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов билдирди.
Кечээ Бишкек басма сөз клубунда “Мамлекеттик интернет-порталдар: проблемалар жана келечек” темасында тегерек стол болду, ал Улуу Британиянын Астанадагы элчилигинин колдоосу менен “Кыргызстанда интернет-журналистиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун чектеринде өттү. Өкмөттүк интернет-сайттардын проблемалары менен келечектери талкууланды.
А.Турдумаматовдун сөзү боюнча, Кыргызстандын президентинин сайтынын негизги максаты мамлекет башчысынын саясий иши жөнүндө окурмандарга жетикиликтүү жана оперативдүү маалымдоо болуп саналат. “Азырынча бизде президенттин бардык жардыгын басып чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Бирок жакында сайттын беш версиясы иштелип чыгат жана мындай чарага мүмкүнчүлүк болот”, - деп белгиледи А.Турдумаматов.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 21 > 28
  TKA 2008