TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы кабыл алынды

Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болду.
Жыйындын күн тартибинде эки маселе-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалы, өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун концепциясы-атайын түзүлгөн комиссиянын, министрликтер менен ведомстволордун биргелешкен аракетинин жыйынтыгы экендигин өзүнүн кириш сөзүндө белгилеп өттү. «Концепцияда биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз айкын, ачык жана так түшүндүрүлгөн. Биз аларды ички жана тышкы саясатыбыз аркылуу коргоону камсыдашыбыз керек»,-деди К.Бакиев.
Президент учурда Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгына шек келтирген тышкы жана ички коркунучтарды башынан кечирип жаткандыгын белгиледи. Борбордук Азия аймагында эл аралык терроризм менен диний экстремизмдин кулач жайып баратканы, суунун аздыгынан суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчуп жатышы тиешелүү чара көрүүнүн зарылдыгын айкындоодо.
Республика өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү белгилүү бир карама-каршылыктар жана көйгөйлөрдөн улам пайда болуп жаткан ички коркунучтардын таасирин да башынан өткөрүүдө. «Ал коркунучтарды убагы келгенде жеңип чыгабыз. Бардыгы республиканын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугуна, биздин сиздер менен биргелешкен ишибизге жараша болот», -деди К.Бакиев.
Президент ошондой эле акыркы жылдары ар кандай диний агымдардын таасири кыйла күчөп кеткендигине басым жасады. «Элди ар кандай диний уюмдарга тартууга жол бербешибиз керек. Балдарыбыз мектепке баргандын ордуна мечиттерге барып жатышы туура эмес. Жергиликтүү органдар тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керек. Коркунучтарга туруштук берүүнүн натыйжалуулугу мамлекет менен коомдун биргелешкен аракетине жараша болот»-деп баса белгиледи К.Бакиев.
Андан соң КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров баяндама жасап, жыйындын катышуучуларын өлкөнүн Улуттук коопсуздугунун концепциясынын долбоору менен тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында долбоор кабыл алынды.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча КР Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Арстанбек Давлеткелдиев, КР айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Искендербек Айдаралиев, саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов баяндама жасашты.
Жыйындын ишин жыйынтыктап жатып, Президент Курманбек Бакиев диний уюмдардын таасиринин күчөшү боюнча абалды талкуулап, тиешелүү чара көрүү үчүн КР дин иштери боюнча агенттигин, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгын жана башка тиешелүү ведомстволорду тартуу менен облустардын деңгээлинде коллегия өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу, өлкөнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын аткаруу боюнча мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнүн зарылдыгына токтолду.
Жергиликтүү бийлик органдары, анын ичинде-айыл өкмөт башчылары, акимдер, губернаторлор элдин жашоо деңгээлин жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорду даярдап, Өкмөттүн кароосуна сунушташы керектигин Президент сөзүнүн аягында дагы бир ирет эске салды. «Россия берип жаткан 300 миллион доллар кредит так ошол сиздер көтөрүп жаткан маселелерди чечүүгө, анын ичинде, элдин саламаттыгын чыңдоого, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жумшалат. Сунуш бергиле, долбоорлорду иштеп чыгып, ишке киргизгиле»-деди К.Бакиев.
Жыйындын соңунда талкууга алынган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 
Кыргызстандын Президенти экинчи мөөнөткө шайлоого бара тургандыгын билдирди
Бишкек, 11-февраль (КАБАР). Бул жөнүндө Курманбек Бакиев республиканын элге маалымдоо каржаттарынын жетекчилеринин менен өткөн басма сөз конференциясында айтты.“Мен түз айтканды жакшы көрөм, ошондуктан шайлоого бараарымды айтам деп белгиледи Кыргызстандын Президенти, - Конституция мага ушундай укук берет, аны пайдалануу керек деп ойлоймун. Менин эки мөөнөткө укугум бар жана мен аларды иштеп бүтөмүн”.
Кыргызстандын Президенти мамлекет башчысын шайлоо 2010-жылы болууга тийиш деп ойлойт. Бирок анын сөзү боюнча президентти шайлоо 2009-жылдын күзүндө болуусу керек-деп бир катар саясатчылар Конституциялык Сотко кайрылгандыгы ага белгилүү.
Конституциянын гаранты катары мен негизги мыйзамды жолдоого тийишмин”-деп белгиледи Курманбек Бакиев. Эгерде Конституциялык Сот шайлоо 2009-жылы өтүүгө тийиштигин чечсе мен буга баш ийемин. Президент катары мен үчүн бир жылга азыраак иштээрим маанилүү эмес. Ал Конституцияга өзгөртүүлөр мурда мамлекеттин мурдагы башчысынын милдет мөөнөтүн узартуу үчүн пайдаланылгандыгын эске салды. Курманбек Бакиевдин өзү турган учурда андайлар болбостугун, Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилсе да мындайлар болбой тургандыгын гарантиялайт.
Мамлекет башчысы Кыргызстанда “Президент болууга татыктуу адамдар көп”,-экендигин белгиледи. “Андайлар бир эки адам эмес, көп, - деп баса белгиледи ал. Бирок мен алардын аты жөнүн атабаймын”.
Кыргызстандын Президентинин сөзү боюнча жалпысынан алганда азырынча өзү ишинин натыйжаларына канааттанат. Мында ал 2009-жыл саясий жагынан туруктуу болгондугун белгиледи. Анын көз карашынча дал ушул жагдай дүйнөлүк олку-солкулукка карабастан экономикада дурус тенденцияны сактоого мүмкүнчүлүк берди.
 
Кыргызстан активдүү-реформатор өлкө болуп калды
Бишкек, 10-февраль (КАБАР). Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудиновдун катышуусу менен Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде Doing Business долбоорунун чектеринде реформаны улантуу боюнча көрсөтмө конференция болду. Вашингтондогу ушул долбоордун кеңсеси менен байланыш учурунда И.Чудинов 2008-жылы Кыргызстан реформанын биринчи кезегин ийгиликтүү аяктагандыгын белгиледи. Реформанын натыйжасы боюнча Кыргызстанда негизги беш багыттагы ишкер чөйрөсүнүн жакшырышына жетишилди.
2008-жылы жүргүзүлгөн реформанын аркасында “Бизнести жүргүзүү” отчету боюнча эң активдүү он реформатор өлкөнүн ичинен алдыңкы үчөөнө кирди жана 2007-жылдагы 99-орундан 2008-жылы 68-орунга жетип, 31-позицияга илгериледи. “Реформанын жүз күнү” деген өкмөттүн программасы “Бизнес жүргүзүү” долбоорунун чектеринде ийгиликтүү аяктады.
“2009-2010-жылдарда негизги милдет – рейтингдеги алдынкы 50 өлкөнүн ичине кирүү”,- деп билдирди премьер-министр.
Быйылкы жылы жумушчу күчүн жалдоо, салыктарды төлөө жана менчикке укукту каттоо жаңы индекаторлор болуп саналат.
Ушул кезде парламенттин комитеттеринде он мыйзам долбоорунан турган пакет кароодо турат, ошондой эле өкмөттүн бүтүндөй бир катар токтомдору да даярдалууда. “Биз быйылкы жылдагы реформанын натыйжасында бизнес чөйрөнүн жакшырышын күтүп отурабыз. Кыскасы реформаны жүргүзүү өлкөнүн мындан ары ийгиликтүү өнүгүшүнүн артыкча багыты болуп саналат”,- деп билдирди
 
Суу? Суу. Суу!

КАБАР 10 Февраль 2009 -  Аналитика  - Мурун бензин талаага төгүлчү. Качандыр бир кезде бензин тартыш болот-дешсе, бул акылга сыйбастай болуп көрүнчү. Ал эми суу сатылат-деген сөздү эзели кыргыз укпаган.Бирок бирөө кечүүгө кечмелик таппай жүрсө, бирөө ичүүгө суу таппай жүрөт-дегн сөз байыртан эле бар эле. Демек, суунун баасы болгон. Эл башы болгончо суу башы бол-деген элибизде.
Кыргызстан сууга бай өлкө. Бара-бара бир стакан суу нефтинин бир баррелинен кымбат болот. Дүйнөдө суу планетанын 70 пайызын каптап турат. Анын ичинен 97 пайыз суу туздуу. Океан, деңиз, көл. Ал эми 3 гана пайыз ичүүчү таза суу болуп эсептелээрин окумуштуулар изилдеп коюшкан.Адам тамак ашы жок 2 ай чыдаар, ал эми суусу жок он күн да чыдай албайт. Биздин организимдин 7 пайызы суудан турат. Статистика көрсөткөндөй таза суунун запасы нефтиникинен тезирээк азаюуда.
Он жети жылдан бери Борбордук Азиянын беш республикасы Сыр-Дарья менен Аму-дарыяны бөлүшө албай келатышат. Анын үстүнө суу тепетең бөлүштүрүлбөй тургандыгы белгилүү. Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мөңгүлөргө да ээ экендиктерин адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек. Бирок аларды суу пайдалануунун темасына айландыруу - өзүнчө тарых.
Ал эми Борбордук Азиянын суу ресурстары региондун 50 миллион калкы үчүн энергетикалык жана азык-түлүктүк коопсуздугу болууга тийиш. Бирок андай болбой келатат. Андан да жаманы, аптаптуу күндөрдө тажик, өзбек, кыргыз дыйкандары «суу теңдештигине жетишүү үчүн» бири-бирине күрөк көтөрүшүүгө чейин барышкан кезде чек аралык оор жаңжалдарды чыгарышы ыктымал. Кошуналар суу талашып эчен жолу жаман-жакшы айтышкан. Көп учурда коңшулар кыргыздарга үстөмдүк кылып, чек араңа карабай союл көтөрүп кирип келген фактылар бар.
Өткөн жазда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баш болуп 150 тажик дыйканы Кыргызстандагы республикалар аралык каналдын капкасын тартып алышкан. Мындайлар региондо көп болот.
Суунун айынан Тажикстан Өзбекстан менен мамилесин татаалдантып алды, Кыргызстан Өзбекстан менен Тажикстанга таарынычын ичине катып келди, Казакстан да сууну өзүнө көбүрөөк алуудан четте калган жок. Жалпысынан, бардыгынын бири-бирине дооматтары бар жана сууну көзөмөлдүккө алуу үчүн күрөшүүдө.
Ысыкчылык өкүм сүргөн региондор үчүн суу маанилүү энергетикалык ресурс гана болбостон ал жашоонун бирден бир булагы да болуп эсептелет. Бул эң оболу – Кыргызстан жана Тажикстанга тийиштүү. Казакстан менен Өзбекстандын суудан башка байлдыктары да бар.Ошентсе да суу сураганы сураган.
Москва чек аралык дарыялардын баш жактарында жаңы ГЭСтерди курууну жана иштеп жаткандарын реконструкциялоону каржылоого даярдыгын билдирген. Дал гидроэнергетика регион боюнча коңшулардан тышкары, Россияны, Кытайды, Индияны жана Пакистанды тартуу менен кеңири эл аралык кызматташтыктын об.ектисине айланаар эле.
Бирок энергетикалык теңдештикке жетишүүгө Кыргызстан менен Тажикстандын ниеттениши Ташкенттин жана Астананын кескин каршылыгын пайда кылды. Дмитрий Медведев жакында Өзбекстанга визитинин жүрүшүндө «Борбордук Азия регионундагы жаңы гидроэнергетикалык станциялар бардык коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эсепке алуу менен курулууга тийиш экендигин, эгерде бардык тараптардын макулдугуна жетишилбесе, Россия бул сыяктуу долбоорлорго катышуудан калыс турарын» билдиргендиги кокусунан эмес.
Мамлекеттер аралык суу коллизиясын таратуу аракеттери ЕврАзЭСтин алкагында жасалды, анткени Түркмөнстанды кошпогондо, бул уюмга региондун бардык өлкөлөрү кирет. Чындыгында, жакында Өзбекстан бул уюмга өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп, кырдаалды ого бетер тереңдетип таштады. Региондун беш өлкөсү 2008-2009-жылдарда сууну пайдалануу боюнча документке колдорун коюшкандыгынын фактысын толук үмүттөндүрүүчү факт деп эсептөөгө болот. Дасыккан адистер ар бир өлкөнүн дооматын иликтеп чыгууга жана келишүүчүлүк корутунду чыгарууга ниеттенишүүдө.
Советтер Союзунда иштелип чыккан бирдиктүү Орто Азия суу-энергетика системасы кынтыксыз иштеген. Эми алардын бырын-чырыны чыкты. Эгемендикке ээ болгон жаңы өлкөлөргө ГЭСтердин кубаттуу комплекси, суу сактагычтар, республикалар аралык магистралдык каналдар мураска калды. Эми алар суу-энергетика ресурстарын пайдаланууну өз алдынча чечип калды.
Кыргызстанды жыйырма жыл башкарган, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдакун Усубалиев сууну товар катары сатууну сунуш кылып келет. Анын пикиринде суу- стратегиялык сырье да, улуттук байлык.
Сибирдин дарыяларын кургакчыл Азияга буруу идеясын суу – товар экендигин түшүнгөн Москва шаар башчы Юрий Лужков көшөрө көтөрүп чыгууда. Ал качандыр-бир кезде турмушка ашырылышы мүмкүн. Азырынча бул долбоорго чейин жол өтө узак.
«Бул сценарий «Россия-Борбордук Азия» системасында реалдуу экономикалык реинтеграция шартында гана мүмкүн, - деп эсептейт Ташкенттен көз карандысыз саясатчы Владимир Парамонов.
4-февралда Москвада ЕврАзЭСтин саммити ачылды. Ал макулдашууга, же суу жарашуусуна жетише алабы? Кыясы, ал уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн келишүүчүлүктөрүнүн нугунда жатат. Бул жерде мүчөлүгүн токтоткондугуна карабастан, Өзбекстан өзгөчөлөнө албайт.
Саммиттин алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен жолугуп бир катар олуттуу документтерге кол коюшту. Аталган документтердин катарына социалдык-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө Меморандум, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашуу жана башка документтер кирет. «Бул документтердин баары россия-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу абалга келишине түрткү берет»,-деп баса белгиледи Д.Медведев. Кол коюлган документтердин эң маанилүүсү, Россия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жардамдашмай болду. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн баа жеткис жетишкендик.

 
ТИКА Нарын шаарынын мекемелерине жардам берди
Нарын 10-февраль (КАБАР) Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча Түрк башкармалыгы (ТИКА) областтагы айрым мектептерге, ооруканаларга, кесиптик лицей болгон бир катар мекемелерге жардам катарында жалпы баасы 190 миң долларлык жылуулук жабдууларын (генератор, насос, от казандары, жылуулук түтүктөрү ж.б ) алып келип таркатып беришти.
Бул иш чара Нарын шаарындагы Түрк лийейинде өткөрүлүп ага облустун губернатору Ө.Субаналиев катышты.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 22 > 28
  TKA 2008