TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
ТИКА Нарын областынын 43 мектебине техникалык жардам берди
БИШКЕК, 6-февраль. (КАБАР). Кечээ, 5-февралда, Түркия Республикасынын премьер-министринин аппаратынын алдындагы кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА) Нарын областынын мамлекеттик администрациясына техникалык жабдыктарды берди. Иш чарага ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Др.Бекир Демир, координатордун орун басары Мехмет Бодур, Түркия элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси Сонер Шахин, ал эми кыргыз тараптан Нарын областынын губернатору Ө.Суваналиев, мектептердин деректирлери катышты. Бул туурасында Кыргызстан донорлор коомчулугу маалымдайт.
Техникалык жардам “Нарын обласытынын башталгыч жана орто мектептеринде жылытуу жана жарык берүү системасын реабилитациялоо долбоорнун” алкагында көрсөтүлдү. Аталган долбоор Нарын областык мамлекеттик администрациясы менен биргеликте ишке ашырылган. Сатылып алынган жабдыктардын ичинде электр насостору, генераторлор, жылытуу жабдыктары бар. Алар областагы 43 мектепке арналган жана гранттык негизде берилди.
Эске сала кетсек, ТИКА техникалык жардам берүүчү уюм болуп саналат. Ал Кыргызстанда 1992-жылдан бери иш алып барат жана өз ишмердигине экономикалык, соода, техникалык, билим берүүү, социалдык жана маданий программалар менен долбоорлорду камтыйт. 1992-2008-жылдар аралыгында уюмдун Кыргызстанга көрсөткөн жардамы 18 миллион АКШ долларына жеткен.
 
2009-жылдын май айында Ч. Айтматов Жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек 4-январь (КАБАР) Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев «Аалам Ордо» маданий-этнографиялык борборунда Ч.Айтматов Жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына кол койду.
Президенттин Жарлыгына ылайык, Кыргыз элинин тарыхий-маданий мурастарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү жана рухий дөөлөттөрүн кайра жаратуу, ошондой эле Кыргызстан элинин рухий борбору болуп калуучу «Айтматов театрын» ачуу максатында 2009-жылдын май айында «Аалам Ордо» маданий-этнографиялык борборунун базасында Ч.Айтматов Жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү токтом кылынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аталган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылды.

 
К. Бакиев: Кыргызстандын Өкмөтү АКШнын аскер базасынын болушунун мөөнөтүн аяктоо жөнүндө чечим кабыл алды
БИШКЕК, 4-февраль. («КАБАР»). Кечээ, 3-февраль күнү кечинде, Президент Курманбек Бакиев менен Президент Дмитрий Медведевдин ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктаганда Кремлдин Екатерина залында жыйынтыктоочу документтерге кол коюу аземи болду. андан кийин мамлекет башчылары басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз-кызматы билдирди.
Журналисттердин суроолоруна жооп кайтарып, Президент Курманбек Бакиев, атап айтканда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык мүнөздөгү көп маселелер талкуулангандыгын белгиледи. «Биз ГЭС курулушунун, кен казып алуу тармагынын маселелери менен гана чектелген жокпуз. Биздин өлкөбүздө инвестицияларды ошондой эле өнөр жайына, айыл чарбасынав, кайра иштетип чыгуу тармагына, туризмге жумшоого болот», - деп айтты К. Бакиев.
Бишкекте жайгашкан коалициялык күчтөрдүн авиабазасынын перспективасы жөнүндөгү маселеге кайрылып, мамлекет башчысы анын түзүлүшүнүн тарыхына кыскача токтолду. Президент ал артиллерия, аскер-аба күчтөрүн колдонуу менен Ооганстанда согуш жүрүп жаткан мезгилде түзүлгөндүгүн белгиледи. «Ошол убакта Кыргызстан утурулап чыккан жана өз аймагын эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн берген. Биздин өлкөбүз ушул жылдарда бул ишке олуттуу салым кошту деп эсептеймин», -деп айтты К. Бакиев.
«Жакында Кыргызстандын Өкмөтү биздин аймагыбызда аскер базасынын болушунун мөөнөтүн аяктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Биз мындан ары өкмөттүн бул токтомун турмушка ашыруу боюнча бардык зарыл ички процедураларды аткарууну баштоого ниеттенебиз», - деп билдирди К. Бакиев.
 
Кыргызстанда “Интернет жана укук” деген биринчи эл аралык конференция өтөт
Бишкек, 4-февраль. (КАБАР). Ушул жылдын 9-10-февралында “Кыргызстандагы интернет жана укук” деген биринчи эл аралык конференция өтөт. Аталган иш чараны Маданият жана маалымат министрлиги жана Жогорку Кеңеш Транспорт жана коммуникация министрлиги менен “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондулары менен биргеликте уюштурууда.
Конференцияга Россиянын Мамлекеттик Думасынын, РФ байланыш жана маалымат министрлиги, Казакстан парламентинин Мажилисинин жана телерадиоберүүлөрдүн улуттук ассоциациясынын, Россия, Улуу Британия, Таджикистан, Казакстандын коомдук уюмдарынын жана Борбордук-Европа (Будапешт, Венгрия) жана Торонто (Канада) университеттеринин өкүлдөрү катышат. Аталган эл аралык конференция Кыргызстандагы кибермейкиндикти жөнгө салуу механизмдерин аныктоодо тийиштүү адистердин жана юристтердин күч аракетин бириктирүү максатында уюштуруулууда.
 
Басма сөзгө баяндама: К.Бакиев: “Өлкөнүн улуттук таламдарын бийик туталы”
30-январь. (КАБАР). Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баардыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин элге кайрылуусуна баяндама жасашкан
“Кыргыз туусу” башкы бетине “Улут катары кимдигибизди аныктоого мезгил келди” аттуу макала астында Президенттин кайрылуусунун текстин жарыялаган. Ушул эле темага “Эркин тоо” гезити да кайрылып “” деген макаланы арнаган.
Ал эми бул гезиттин экинчи бетинде “Кыргызстандын 180 млн. доллар кырызы чечилгени калды” аттуу макалада автор 28-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Сечинди жана Россиянын энергетика министри Сергей Шматкону кабыл алгандыгы тууралуу жазган. Маалыматка ылайык, жолугушууда К.Бакиевдин Россияга жумушчу сапарын даярдоого байланышкан маселелер талкууланган. Россия тарабынан Кыргызстанга 150 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык жардам, ошондой эле 300 млн. доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредит берилиши туурасында сөз болду. Аталган кредит 0,75 пайыз менен 40 жылдык мөөнөткө берилмекчи жана Кыргызстан алгачкы кайтарымды 7 жылдан кийин гана төлөй баштайт.
“Кыргыз туусу” КР Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаровдун кечээ Өкмөт үйүндө КР Коопсуздук Кеңешинин аппараттык кеңешмеси тууралуу “Чектен чыкса, диндин да зыяны чоң” аттуу макалада жарыялаган. Жыйынга Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы М.Суталинов, Ички иштер министри М.Конгантиев жана Өкмөткө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Осмоналиев катышкан. Алар өлкөдөгү дин тармагындагы радикалдык- экстремисттик көрүнүштөрдү аныктоо, алдын-алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча өздөрү жетектеген иштери жөнүндө кеңири маалыматтарды беришкен.
М.Конгантиевдин маалыматы боюнча, жаш балдардын диний билим алууга тартылышы да коркунуч туудурууда. Анткени, учурда Кыргызстанда протестанттык багыттагы 363 диний уюм каттоодон өтүп, ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө. Алар негизинен АКШ жана Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү диний уюмдар тарабынан каржыланат. Ал эми К.Осмоналиевдин пикиринде диний уюмдар жөнүндөгү жаңы кабыл алынган мыйзам диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
Кеңешмеге катышкан КР вице-премьер-министри Ө.Абдуллаева бул маселелер Коопсуздук кеңешинин буга чейин болуп өткөн кеңешмесинде да каралганын айтып, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өлкөдөгү диний экстремизм маселелери боюнча мониторинг өтүп жаткандыгына кызыкты.
Ушул эле гезиттин бетинен “Таласта чечилбес татаал маселе жок” аттуу макалада автор КР биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун бул кызматта биринчи жолку Талас облусуна болгон иш сапары жөнүндө жазган. Иш сапарынын алкагында Ө.Бабанов курулуш компанияларынын ээлери жана ишкерлер менен жолугушуу өткөргөн. Мындан тышкары Талас областтык мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын жыйынына катышкан. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыгы каралып, ушул жылдын милдеттери берилген.
Мындан тышкары гезит Ө.Абдуллаеванын Ош областына болгон иш сапары, А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Маданият министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген кеңешмеси тууралуу жазган. Кеңешмеде Маданият жана маалымат министри С.Раев 2008-жылдагы аткарылган иш-чаралар тууралуу баяндама жасаган. “Мамлекет башчысынын Кыргызстан элине Кайрылуусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түздөн түз көрсөтмөсү менен Маданият жана маалымат министрлигинин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында “Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү” Улуттук программасынын багытында жүргүзүп келген ишмердиги министрдин докладында толук чагылдырылган”, - дейт автор. “Сулуулук дүйнөнү кооздойт” аттуу макалада автор кыргыз кыздарынын сулуулугуна, кыргыз тарыхында өчпөс болуп аты калган улуу айымдар, бүгүнкү күндөгү кыздардын намысы тууралуу сөз козгогон. Мындан тышкары “Кыргыз туусунда” журналист Эсенбай Нурушевдин, профессор, философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшовдун, БГУнун проректору Базарбай Кодоровдун маектери жарыяланган.
“Эркин тоо” Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” элдик партиясынын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору Автандил Арабаевдин маегин “Алдыга кадрдык чоң кадам ташталды” деген темада жарыялаган. Анда А.Арабаев “Жаңы кадрдык дайындоолор К.Бакиевдин жаңы реформатордук кадамдарга барып жаткандыгын дагы бир жолу далилдейт. Эл арлык стратегиялык изилдөөлөр иституту болсо, Стратегиялык талдоо институту болуп өзгөрүлдү. Бул бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чечимдерди туура кабыл алып, аларды ишке ашырууга терең анализделген олуттук кадам. Жаш, профессионал адистерди кызматка алып келип, ошолор Кыргызстандын келечегин алдыга жылдырышат деген илгери үмүт менен ушундай өзгөрүүлөргө барды деп ойлойм”.
Мындан тышкары гезит “Кумтөр” маселесине кайрылган. Анда Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун жетекчилиги менен өткөн мамлекеттик комиссиянын ишин чагылдырган. Гезиттин тогузунчу бетинен УТРКнын “Учур” жаштар телетеатрынын жетишкендиктери, артисттери чыгармачылык ийгиликтер, репертуары, сегиз жылдык тарыхы тууралуу жазылган. Анда автор театр 2001-жылдын 8-июнунда Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын окуп бүтүргөн 20 жаш артисттерден түзүлгөнүн айтат.
“Эркин тоо” “Алканов жана компания” ишканасынын жетекчиси, “ЕврАзЭс-Кыргызстан ишкердик кеңешинин Ассоциация башкармалыгынын төрагасы Райкан Алканов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Бишкек-Ош автожолдор мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Кадырбек Нурманбетов, Кара-Суу районунун акими Шамшарбек Чойбеков, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу суу чарба департаментинин башкы директору Б.Кошматов менен болгон маектерге орун берген.
“Кут билим” гезити Ош облусунун Өзгөн районундагы айрым мектептердин 1-4- класстарындагы окуучулар бирдиктүү формага өткөндүгү тууралуу кабарлайт. “Как поднять научно-педогогический потенциал ВУЗа” аттуу макалада К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору А.Токтосопиев бүгүнкү күндөгү билим деңгээли тууралуу ой бөлүшөт. Мындан тышкары гезит бетинен Кыргыз баатырына арналган “Залкарга арналган ыр тасма” атуу макаланы жана республикалык “Жылдын мыкты мектеби- 2009” сынагынын жол- жоболору жарыяланган.
“Кыргызстан маданияты” гезитинин бул жумада жарык көргөн санында жазуучу Мамасалы Апышевдин “Айтматовдун айкөлдүгү жана адашуусу же залкар жазуучунун түбөлүктүүлүк фонундагы портретине айрым штрихтер”, Кыргыз Эл акыны Токтосун Самудиновдун: “Апам байкуш шырдак жөрмөп отуруп..”, Гезиттин редактору Нуралы Капаровдун “Салижан Жигитов менен Эрнис Турсунов “Арашанда” таанышканда…” Темирбек Акматалиевдин “Хан Жантай менен Акмөөр сулуунун чыныгы көөнө тарыхы” аттуу макалаларынын уландысы жарыяланган.Окурмандар ошондой эле бул гезиттен жазуучу, драматург Мурза Гапаровдун “Байчечек” аттуу аңгемесин, комузчу Нурак Абдырахмановдун кыргыз элинин залкар комузчуларынын тагдыры тууралуу ой толгоосун “Поэзия антологиясы” деген беттен белгилүү акындардын ырларын окуй алышат.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 23 > 28
  TKA 2008