TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
Мамлекеттик тил жардыланып, өгөйлөнүп баратат

Автор Осонов Туран дата: 30 Январь 2009 - Аналитика

Базарбай КОДОРОВ, БГУнун проректору: «Көрнөк – көчө көркү, жарнаама – өлкө жүзү”
Жайнаган жарнаамалар, жардыланган мамтил, жабыркаган сезимдер
Жарнама тууралуу жазайын дегенде эле жайнаган жарнаамалар, андагы жардыланган мамлекеттик тил дароо көз алдыга тартылат.
Өзүбүз күбө болгондой, 2000-жылдары борборубуздун көчөлөрүнүн бойлорунда козу карындай жамыраган жарнаамалар пайда болду. Кой деген кожосу, ай деген ажосу жоктой болуп, жарнаама ээлери өздөрүнүн жарнаамаларын каалаган жерге, каалагандай орнотуп, иле башташты. Алардын маани-маңызы, жасалгасы, көрүнүшү көңүл тойгузбай, чаржайыт иштерге жол берилди. Ушул жасалып жаткан иштер кандайдыр бир деңгээлде мамлекетибиздин борборунун кооздугуна, көркүнө көлөкө түшүрө баштады.
Факты көрсөткөндөй, жарнаамаларда бир топ мүчүлүштүктөргө жол берилип келди. Мунун башкы себептеринин бири Мамлекеттик тил жана көрнөк-жарнаамалар боюнча мыйзамдык базалардын бири-бири менен шайкеш келбегендиги жана бир максатты көздөбөгөндүгү десек болот. Мына ушундай кемчиликтердин натыйжасында жарнаама жаатында ар ким өз билген ишин жасап жатышты.
Экинчи дагы бир кемчилик - эгемен болуп, кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алганы менен көрнөк-жарнаамалар алгач орус тилинде даярдалып, андан соң аны кыргыз тилине чаржайыт которуп жаттык. Ушундай акыбалдын натыйжасында ордо калаабыздын борбордук көчөлөрүндө төмөнкүдөй жарнаамалар илинип, шаарыбыздын көркүнө өз көлөкөсүн тийгизип турду:
Жарнаамалардын маңыздуу жана сапаттуу даярдалышындагы кедергилердин бири - котормо маселеси. Биз жарнаамаларды алгач орус тилинде даярдап, андан соң кыргыз тилине которуп, которгондо да сөзмө сөз которуп чалагайым жарнаамаларга жол берип жатабыз. Ушул жерден француз жазуучусу, философ Вольтердин: “Котормону ким сөзмө сөз жеткирем десе, котормо өлдү. Сөзмө сөз ташылган котормо - жансыз тамгаларга айланат”- деген улуу сөзү эске түшөт.
Көчөлөрдүн аталыштарынын жазылышында да чаржайыттыктарга жол берилүүдө. Менин пикирим боюнча, көчөлөрдүн жазылышын бир үлгүгө салып, эки тилде жазбастан, мамлекеттик тилде гана жазуу керек. Мисалы, Манас көчөсү, Байтик баатыр көчөсү, Жибек жол көчөсү ж.б.
Бүгүнкү күндө борбор шаарыбыз-да 2000ден ашык кафе-ресторандар жана тамактануучу жайлар бар экендиги белгилүү. Мына ушул жайлардын аталыштары жана жазылыштарында сабатсыздык толтура. Ачыгын айтканда, мэрия, Адилеттик министрлиги баш болгон бир топ мекемелер бул маселе боюнча өздөрүнүн чабалдыгын жана алсыздыгын көрсөтүп жатышат. Айрым көчөлөрдөгү тамактануучу жана эс алуучу жайлардын аталыштарын окуп, Орусия же океандын ар жагында жүргөндөй сезимге келесиң.
Булардын жазылышы боюнча да бир-эки ооз өз оюмду айта кетейин. Адам аттарынан коюлган кафе-ресторандар бир караганда туура жазылгандай көрүнөт. Маселен, кафе “Салтанат” кафеси. Кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерине таянсак, кафе Салтанатка таандык болуп жатат. Ал эми иш жүзүндө кафенин ээси башка бир жаран болуп, ал тамактануучу жайдын аталышын жубайынын же кызынын атынан койгондугуна ким кепил боло алат. Мындан сырткары Тартуга, Пилигрим, Иерусалим, Мимино, 7 небо, Пекин, Пекинский утка, Аристократь, Эдельвейс, ж. б. кафе-ресторандардын кимге таандык экендигин ким билет. Бул жерде кафе-ресторандардын аталышы бир жакка таандык болбостон, анын аталышын гана айгинелеп турат. Ошондуктан, биздин оюбузча кафе Салтанат кафе, кафе Тартуга кафе деп жазган оң. Ал эми булардын ички жана сырткы көрүнүштөрүн, жазылыштарын улуттук табитте жасалгалоо өзүнчө бир маселе. Чет элден келген коноктор борборубуздагы белгилүү кафе-ресторандардан тамактанышат жана эс алышат. Ошондо алар кыргыз жеринде, кыргыз үйүндө эс алып олтургандай сезимде калышы керек. Дагы бир айта кетчү нерсе, Манас көчөсүнүн боюнан Манас баатырды, же “Манас” эпосун чагылдырган жана ага байланышкан бир дагы жарнааманы учурата албайсың. Эмне себептен ушундай көчөлөрдүн бойлоруна же көрүнүктүү жерлерине ошол каармандарды же эпосубузду чагылдырып турган жарнаамаларды жасоого болбосун. өткөн жылы Президентибиздин жарлыгы менен “Чыңгыз Айтматов жылы” деп белгиленди. Бирок, борбор шаарыбызда ушул белгилүү датаны чагылдырган бир дагы жарнааманы учурата алган жокпуз.
Бүгүнкү күндө көрнөк менен жар-наамалар көптөгөн каталарды татаал сөздөр менен баш тамгалардын жазылыштарынан учуратууга болот. Маселен: Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги Финансы Кредит Банк, анын ылдыйраак жагында Азия Универсал Банк деп мекеменин аталыштарынын ар бир сөзүн баш тамга менен жазып жатышат. Татаал энчилүү аттардын жазылышында да чаржайыттыктарга жол берилүүдө. Маселен, Ай-Сулуу деген аталыштагы дүкөн, сулуулук салондорун жазууда ортосуна дефис коюп жазган учурлар кездешет. Бул жерде энчилүү аттар, анын ичинде татаал энчилүү адам аттарынын жазылышы деген эрежени эч кимдин эстегиси жок. Мына ушундай эле кемчиликтер, каталар бүгүнкү күндө радио-телеберүүлөрдө да кездешүүдө. өзгөчө мындай каталар “Пирамида”, НТС, НБТ, ЭХО Манас программаларында 1- Улуттук каналга салыштырмалуу көбүрөөк байкалат. Мисалы, НТС каналында “Лоск бар, так жок” деп, казак тилинде жарнаамалап жатышат. Соңку мезгилдерде теле-радиодо жарнаамаларды кыргыз тилине которуп жаткан аракеттерин колдоого болот. Биз бул жагынан казак туугандардан үлгү алышыбыз керек. Анткени алар айрым бир буюмдарды жарнаамалоодо казак кыз – жигиттерине улуттук кийимдерди кийгизип, кең талаасы менен кооз жаратылышына шайкеш чагылдырып, теледен сонун роликтерин берүүдө. Алар бир ок менен эки коён атып жатышат. Эмне себептен биз ошол буюмдарын саткан ишкана – фирмалар менен келишим түзүп, кооз жерлерибизди, көлдөрүбүздү шайкеш чагылдырган жарнаамаларды тартууга жана жайылтууга болбосун.
Жарнаамаларда музыкаларды тандоодо да кемчиликтер байкалат. Маселен, 1-Улуттук каналда Камбар-Ата-1 ГЭСи жөнүндөгү жарнаама музыканын коштоосу менен берилет. Ал эми ошол эле музыканы НТС каналы “Зеленая марка” деген спирттик ичимдикти жарнаамалоодо колдонуп жатпайбы. Муну эмне деп түшүнсөк болот? Шылдыңдообу же түркөйлүкпү?
Жарнаама иши бир караганга жөнөкөйдөй көрүнгөнү менен, чоң атаандаштык, ири өлчөмдөгү пайда табуу, чоң кызыкчылык жана анын башында турган үлкөн чиновниктер аралашкан бул тармак бүгүнкү күндөгү рынок шартында өз өктөмүн жүргүзүп келүүдө. Рынок мамилелерине шылтап коюп, эгемендүү мамлекет экендигибизди жадыбыздан чыгарбай, жарнаама жаатында улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыгыбызды коргоо бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринен. Аны ишке ашырууда төмөнкү сунуштарды эске алышыбыз зарыл деп эсептейм:
1. Көрнөк-жарнаамалар боюнча мыйзам–жоболорду Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга шайкеш келтирип, алардын аткарылышы боюнча административдик чараларды күчөтүү;
2. Жасалып жаткан иштерди тыкыр көзөмөлдөө жагын бир мекемеге жүктөө, башкача айтканда, бул милдетти КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга милдеттендирүү;
3. Жарнаамаларды даярдоодо орус тилинен “которуу керек” деген көз карашты токтотуп, нукура кыргыз тилинде үлгүсүн жасап, андан соң расмий жана зарылчылыгына жараша башка тилдерге которуу;
4. Жарнаамаларды жазууда кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин толук сакталышын жетекчиликке алуу;
5. Жарнаамаларды жазуу жана жасалгалоодо улуттук табитти сактоо; (мында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, мэрия, Адилет министрлиги, башкы архитектура жана жарнаама агенттиктери, фирмалар биргелешип иш алып баруусу керек).
6. Борборубузда, кан жолдордо, көрүнүктүү жер аянттарда, мамлекетибиздин чегараларынын кире бериш жерлеринде, аэропорт, автовокзалдарда жарнаамаларды мамлекетибиздин жүзүн чагылдырган деңгээлге көтөрүү. Жогоруда айтылган сунуш-пикирлер бүгүнкү күндө жарнаама жаатындагы колго алчу олуттуу маселелерден.
Р.S. Автордун орфографиялык стили сакталды.
(“Кыргыз Тууусу”)

 
Мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизилди
Бишкек, 27-январь (КАБАР). Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдор жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдор жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине толуктоо киргизилет, ага ылайык мамлекеттик гимн расмий аткарылган учурда катышкандар аны ордунан туруп, ал эми Кыргызстандын жарандары оң колун сол көкүрөгүнө коюп угушат. Ж. Т.
 
Россия Борбордук Азия мамлекеттерин ынтымакка чакырабы?

 Бишкек, 27-январь. (КАБАР) - Аналитика - Жакында эле Ташкентте болгон жолугушууда Москва чындап эле Ислам Каримов тарабында ооп кеткени анык болсо, анда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү саясатта көп өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот. Бул Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна убада кылынган инвестициялардын айланасында сөз болушу мүмкүн.
Медведев Ташкенде болгон учурда энергетика боюнча макулдашууларга абдан көңүл бурду. Өзбекстан Россиянын Газпромуна кошумча 15 млрд кубметр газ сатууга макул болду. Өлкө жыл сайын 65 млрд кубметрге чейин газ чыгарат, алардын ичинен 16 млрд кубметри түндүккө, 4 млрд кубметри коңшу өлкөлөргө берилет. Калган көлөмү ички муктаждыкка пайдаланылат. Убада кылынган кошумча кубметрлер Кыргызстан менен Тажикстанга берчү газдын көлөмүн азайтуунун эсебинен жыйналмакчы (баанын жогорулашынын эсебинен бул өлкөлөр сатып алуу көлөмүн азайтышты), ал эми негизги көлөмүн Россиянын ЛУКОЙЛ компаниясына берүүнү пландаштырууда.
Медведевдин визитинен бир күн мурда ушул компаниянын башчысы Вагит Алекперовду Президент Каримов кабыл алган. Ушундан кийин компания Өзбекстандын энергетика секторуна 5 млрд доллар жумшаары жөнүндө каңшаар чыккан.
27 миллиондуу калкы бар, агрардык Өзбекстан мамлекети үчүн суу абадай эле керек. Ал эми суунун башында кошуналар Тажикстан менен Кыргызстан турат. Алар ири гидроэлектрстанцияларын курууну пландаштырууда. Андай болгон күндө Өзбекстандын айдоо аянттарына суунун келиши кыйла кыскарат. Ошондой эле кыргыз жана тажик саясатчылары сууну товар деп жарыялоо, башкача айтканда суу үчүн акы алуу чечимин көтөрүп чыгууга даяр турушат.Алар мунун жакшы турмуштун айынан жасап жатышкан жок. Муну түшүнгүсү келбеген Ташкент бул эл аралык укуктук нормаларга жана региондо калыптанган салттарга каршы келет-деп айтууда.
Мына ушундай кошуналардын чиеленишкен чырлуу маселеде Россия үч мамлекеттин ортосунда арачылык милдетти аткарууну көздөп келгени менен эртеби кечпи бир тараптын таламын талашууга туура келет. Муну Ташкент жолугушуусу далилдеп койгонсуйт. Россия Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭСинин курулушун инвестициялоого даярдыгын билдирген. Ошол эле убакта Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушуна катышууга кызыгып турат. Тажикстан соңку жылдарда аны ишке ашырууга Москва менен талыкпай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Мына ушундай ири, масштабдуу курулуштарды куруу Өзбекстанды суудан өксүтүп салмак.
Россиянын Өзбекстан менен жакын болуусун дагы бир жагдай мажбурлап турат. Ал Өзбекстанды Каспий боюндагы газ түтүгүнүн долбооруна катыштыруу болуп саналат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Ташкендеги басма сөз конференциясында Дмитрий Медведевдин айткандары ушундай ой жорууларга жетелейт. Россиянын президенти чектеш сууларда курулуштарды тургузуу жөнүндөгү маселеде коңшу өлкөлөр менен макулдашууларга жетишүү, курулуштардын экологиялык коопсуздугун гарантиялоо, эл аралык тийиштүү нормаларды сактоо, жана коңшу өлкөлөр менен түзүлгөн эки тараптуу документтерди сактоонун зарылдыгын белгиледи.
Москва чындап эле Ислам Каримовду колдоп кетсе, анда саясатта олутту өзгөрүүлөр болот. Атап айтканда Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна убада кылынган инвестициялар кайра каралышы мүмкүн. Андай болгон күндө Кыргызстандын жалгыз “көзүрү”-авиабаза болушу ажеп эмес.
Медведевдин Ташкентке визитинин жыйынтыгы Өзбекстан лидеринин көйгөйүн чечекендей сезилет.“Бүгүн мага өтө көп нерсе айкын болду. Өтө көп нерсе ачылууда жана мен биздин чөлкөмдө туруктуулукту сактоонун тигил же бул негизги маселери боюнча Россиянын мамилесин күн мурунтан билүү менен ишенимдүү чечим кабыл алышыма мүмкүн болду”-дейт И.Каримов. Такай эле позициясын өзгөртүп келген Өзбекстан президенти бул сапар эки тараптуу жолугушуудан көптү үмтөтүп турат.
Россия Тажикстан менен Кыргызстанга жардам берүү позициясында бекем турабы же Каспий боюндагы газ түтүгүн курууда Өзбекстан менен өнөктөштү жогору баалайбы? Бул жакынкы учурда анык болот. Февралдын башталышында Москвада ЖККУнун саммити болуп, ага кызыккан бардык тараптар келишет. Ушул күндөрдө эле Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиевдин Москвага рамий визити күтүлүүдө. Ал Россиянын инвестицияларын энергетикага тартуу маселесине биротоло чекит коймокчу.

 
Басма сөзгө баяндама

Бишкек, 23-январь. (КАБАР). Бүгүн жарыкка чыккан гезиттерге баяндама.
“Кыргыз туусу” гезитинде бүгүнкү санында “Улуттук ар-намысыбыздын уюткусу бөксөргөнбү?” аттуу көлөмдүү макала орун алган. Анда автор мамлекеттик тил тууралуу сөз козгоп, бир топ суроо койгон. Алардын бири – дүйнөдө теңдеши жок “Манастай” баатырдык эпос жараткан элибиздин улуттук ар-намысы, мекенчилдик сезими эмнеге мынча үлпүлдөп күйгөн биликке айланып калган, Эмне үчүн “жүгү уйда болсо да дымагы төөдө жүргөн” кээ бир мекендеш элдерди көрүп ар-намысыбызга келбейбизби? Урууга, кокту-колотко бөлүнгөнү келгенде көөдөнүбүздү көтөрөбүз да, өз мекенибизде Ала-Тоонун койнунда туруп улуттук ар-намыс, мекенчилдик дегенде жүнүбүз бош, сезимибиз дээрлик сенек болуп калган? Күнүмдүк турмушубузда кабылып жаткан тил маселесинин көйгөйлөрүнө, кыргыздардын кыргыз тилин өздөштүрө албагандыгы, өз укуктарбызды тебелетип жаткандыгы тууралуу жазылган.
“Кыргыз туусу” 2008-жылдын 5-декабрынан баштап гезит аркылуу калайык-калкка кайрылган талкуу уланып жатканын кабарлап, гезит кабарчысы Жээнбай Түрктүн “Азыркы аш-тойлор – ашыкча чыгым” деген макаласына орун берген. “Ысырапкорчулук – ырыс-кешигибизди кесүүдө” деген ат менен Ысык-Көл облусунун тургундарынын республиканын жалпы калайык-калкына кайрылуусу” кошо басылды. Ушул эле көйгөйдү кыргыз гезиттеринен тышкары МСН гезити да “Страсти вокруг Халявы на тоях и похоранах” макаласында көтөрүп чыккан.
“Кыргыз туусу” Ала-Букалык ардагер журналист Акжол Кадыровдун “Мамчиновниктери көп элдин жашоосу жакыр болот” деген макаласы жарыяланган. Ал 2005-жылдын акыркы айларында президенттин Администрациясынын ошол кездеги жетекчиси Ү.Сыдыков президенттик администрациянын, премьер-министрдин аппаратынан тартып, бардык министрликтердин, агенттиктердин, ведомстволордун жана облустук, шаардык жана райондук мекеме уюмдардагы кызматкерлер 16 пайызга, облустарда 30 пайызга кыскара тургандыгын билдирген. Андан бери үч жыл өтүп кеткендигине карабай буйрук же жарлык турмушка толук ашкан жок дейт. Казакстан, Россиядагы чиновниктерине салыштыруу анализин жүргүзгөн.
“Кыргыз туусу” “Ак кеме” мейманканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Руслан Сарымсаковдун Ч.Айтматов тууралуу эскерүүсү орун алган. Анда Р.Сарымсаков Чыңгыз Айтматов менен түшкөн сүрөт ал үчүн эң кымбат баалуу белек экенин айтат. “Биздин мейманканада Чыңгыз Төрөкулович дайым сыйлуу коноктордун бири эле. Келерки жылы зор идеяны жүзөгө ашырууну – Айтматовдун өз алдынчалуу музей бөлмөсүн ачууну ойлоп жатабыз”, - дейт.
Мындан тышкары бүгүнкү санында “Кыргыз туусу” гезити документтери жок курулуштардын бузулгандыгы, Улуттук китепканадагы Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун 65 жаш кутман курагына арналган кече, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиктин директору Каныбек Осмоналиевдин маеги, “Кут Билим” улуттук рух дөөлөтүн өстүрөт” аттуу макала жарыяланган.
“Эркин тоо” биринчи бетке “Дин мыйзамы дилибизди агартабы?” макаласын жайгаштырган. Анда Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Кыргыз Республикасындагы “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” тууралуу мыйзам талкууланган. Жаңы мыйзам менен эски мыйзам ортосундагы айырмачылыктар жазылган. Бүгүнкү санында да “Эркин тоо” “Айтматов ааламы” аттуу рубрикада Чынгыз Айтматовдун эскерүүсүн “Балалыгым” деген тема менен жарыялаган. Анда улуу жазуучунун чоң энеси, алгачкы эмгек акысы тууралуу сөз болгон.
Ушул эле гезиттин 11 бетинде “Үн, дабышка кусаланган балалык” аттуу макалады автор түштүк аймактагы Кара-Суу районунун Каштар-Кыштак айылындагы атайын жатак тибиндеги дүлөй балдар мектебиндеги балдар тууралуу сөз козгогон. Мектептин директору Светлана Бостонова “мындай балдардын - кудайдын, ата-энесинин, коомдун алдында эч кандай күнөөсү жок. Бирок кайсы бир себептерден, шарттардын эң орчундуусу социалдык факторлордон улам тагдыр буларды ушул мектепке барууга аргасыз кылды” дейт. Балдардын өзгөчөлүктөрү, жашоого болгон көз карашы, мектептеги көйгөй педагогдору тууралуу сөз козголгон. Мындан ташкары гезит бетинен Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору, юстициянын 1 класстагы кеңешчиси Кубанычбек Бейшекеев, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов, “Калктуу конуштар деңгээлинде инфраструктуралык кызмат көрсөтүүдө” жана “Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария” долбоорун башкаруунун бириккен бөлүмүнүн директору Матраим Жусупов менен болгон маек жарыяланган.
“Вечерний Бишкек” гезити “Ущемленная столица” макаласында автор Бишкек шаарындагы коомдук таранспорт, авто коюучу жай, тазалык, инфраструктура көйгөйлөрүн көтөргөн. “Могильные карьеристы или грязный бизнес не детских костях” макаласында автор Чоң-Арыктагы мүрзөлөр ал жактан топурак алуу максатында карьердик иштер жүргөнүн айтат. Акча табуунун бул жолун тандап алган адамдарды мыйзам чегинен иштеп жатканын айтып, атуулдар, ал жакта көмүлгөн ата-энелердин какпаган эшиги кирбеген чиновниги калбагандыгы жазылган.
Ушул эле гезит бетинен “Сотовый беспредел” макаласында автотранспорттогу, базардагы коомдук жайлардагы уюлдук телефон уурдаган уурулар, милиция менен уюлдук байланышты камсыз кылган операторлор ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу сөз козголгон. Ар бир телефон өздүк кодко ээ, арыз жазуу учурунда бул код белгиленсе уюлдук операторлор телефон кайсыл номерге кайсыл жерде жүргөнү белгилүү болмок. ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын начальниги полковник Кенч Абдиев уурулар менен күрөшүүнүн жолдору, уурдалган телефондордун базасын түзүү керектиги тууралуу сөз козгогон.
МСН гезити Биринчи май районунун кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ачылган кылмыш тууралуу жазган. “Сейфы со дна БЧК, стоившие человеку жизни” макаласында Кыргыз экономикалык университетинин бухгалтериясынан уурдалган сейфи тууралуу жазылган.
Ушул эле гезит Кыргызстандагы туризимди өнүктүрүү жолдору, долбоорлор тууралуу сөз кылган, “Завтра, завтра, не сегодня” аттуу макалада Берлинде өткөн “Жашыл жумалыктагы” Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу жазылган.

 
Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөрдөн көчүп келишкен 25 миң 390 этностук кыргыздар жашайт
Бишкек, 23-январь. (КАБАР). Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөрдөн көчүп келишкен 25 миң 390 этностук кыргыздар жашайт. Бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңештин өкмөттүк күнүндө Кыргызстандын вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева билдирди.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Ө. Абдуллаева Кыргызстанда жалпысынан 5 миң 562 үй-бүлөдөн көбүрөөк этностук кыргыздар жашай тургандыгын билдирди. Тарыхий мекенине Тажикстандан кайтып келген этностук кыргыздардын санына келсек анда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 миң 280 адам жашайт, ал эми Өзбекстандан көчүп келген этностук кыргыздар 5 миңге жакын жаран. Ал ошондой эле этностук кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү Чүй облусунда жана республиканын түштүк регионунда жайгашкандыгын белгиледи.
Вице-премьер-министр тарыхий мекенине кайтып келишкен этностук кыргыздарга колдоо жана жардам көрсөтүү максатында өкмөттүн 2006-жылдын 19-октябрдагы токтому менен 2006-2008-жылдарга “Кайрылман” мамлекеттик программасы бекитилгендигин кошумчалады. 2007-жылдын ноябрында кабыл алынган “Тарыхий мекенине кайтып келишкен этностук кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык этностук кыргыздарга алар жарандуулукка ээ болгонго чейин убактылуу укуктук статус катары “Кайрылман” статусу берилет.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 24 > 28
  TKA 2008