TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
2008-жылы 300 кыргыз кыз кытайлыктарга турмушка чыккан

 Бишкек, 22-январь. (КАБАР). Мындай маалыматты бүгүн парламенттик жыйында КР ЖК депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдразаков айтты. Анын маалыматы боюнча өткөн жылы эле 300 кыргыз кыз Кыргызстанга убактылуу келген кытайлыктарга турмушка чыккандыгы катталган. Мындан ары да абал кандай болору белгисиз. Анткени бүгүнкү күндө республикада канча чет элдиктер бар экендигин  жөнүндө так маалымат жок жана аларды эч кайсы мамлекеттик орган депортациялай албайт. Б.Абдразаковдун пикиринде эгер сырткы миграция ушул бойдон жүрүп отурса, анда 15 жылдан кийин Кыргызстанды кытайлыктар басып кетет.Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимге карабай, кытайлыктардын Кыргызстанга келишине кескин тыюу салуу зарыл.
 “Ак жолчу” депутаттын бул сөзүн КСДП фракциясынын лидери Бакытбек Бешимов колдоду жана “Эр жүрөк билдирүү” деп баа берип, Парламенттеги КР Президентинин өкүлү Мырза Кулматовдон кат түрүндө жооп берүүнү талап кылды. Анткени Кыргызстан менен Кытайдын ортосуда тиешелүү документ түзүлгөн менен ал ката болгон деп эсептейт Б.Бешимов.

 
Түркиянын бир нече шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Бишкек, 21-январь (КАБАР). Түркиянын бир нече шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул жөнүндө “КАБАР” агенттигине Кыргызстандын Маданият жана маалымат министирлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдавлет Нурмамат уулу билдирди.
Анын сөзү боюнча ушул жылдын июнь айында маданият күндөрүн өткөрүү жөнүндө Кыргызстандын маданият министри Түркиянын маданият жана туризм министрлери макулдашкан. Ал жолугушуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министирлеринин туруктуу кеңешинин жыйынынын чектеринде болгон.Түркияда маданият күндөрү он күн бою өтмөкчү. Түркияга Кыргызстандын чыгармачылык чоң делегациясы барат. Кыргыз артистери Анкара, Бурса, Измир, Стамбул сыяктуу чоң шаарларында өнөр көрсөтүшөт. Кыскасы маданият күндөрдүн программасы өтөт кеңири.
Анкарадагы Кечи-Орен районунда Чыңгыз Айтматов атындагы паркта өзүнчө концерт болот.
 
2009-жылдын аягына чейин Москвада “Манаска” архитектуралык эстелик тургузулмакчы
Бишкек, 15-январь (КАБАР). 2009-жылдын аягына чейин Москвада “Манаска” архитектурлык эстелик тургузулмакчы. Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди. Ал дал ушул маселе боюнча өзү жакында Москвага барууну пландаштырууда ошондой эле бүгүнкү жыйында ал “Маданият жөнүндө” мыйзам долбоорун түшүндүрүп сөз сүйлөдү, анда ал “Маданият жөнүндө” колдонулуп келген мыйзам түзүлгөн жаңы социалдык, экономикалык шарттарга жана талаптарга жооп бербегендигин белгиледи.
“Мыйзам долбоорунун негизине укуктук жарандын коомдун нормалары жана принциптери алынган. Мыйзам долбоору бир катар нормаларды камтыйт, ал маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн материалдык жана каржылай гарантияларын камсыздаган. Маданий иштерди өнүктүрүү, ошондой эле рынок мамилелердин шартында маданият жана искусство кызматкерлерин социалдык жактан коргоо үчүн укуктук шарты түзөт”, - деп айтты С. Раев. Бул мыйзам долбоорун угуп жана талкуулап Жогорку Кеңеш биринчи окууда документти колдоду
 
Кыргыздар улуттук аты-жөнүн жерий башташты

Бишкек, 15-январь. (КАБАР). Учурда Бишкекте 16 жаштагы көптөгөн кыргызстандыктар өздөрүнүн “кызы”, “уулу” деген фамиляларын стандарттуу түргө өзгөртүүдө. Бул туурасында борбордун Октябрь районунун жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн (ЗАГС) адиси Зухра Алымкулова маалымдайт.
Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө уландар жана кыздар өздөрүнүн улуттук деп саналган “кызы” жана “уулу” деген фамиляларын стандартуу “ов”, “ев” формасына алмаштыруусу көп катталууда. “Жаштар муну чет жакка чыгууда тоскоолдук экенин айтышууда. Дээрлик бардык балдардын өзгөртүшүнүн башкы себеби – чет мамлекетке чыгуу. Белгилүү болгондой уулу, кызы дегенди көп жактарда таанышпайт”, - дейт З.Алымкулова.
Мындан тышкары фамиляларды алмаштырууга аны так айтуудагы маселелер да түрткү болууда. Акыркы учурда ата-энелер балдарына улуттук формадагы фамиляларды бербей калышып, чоң атасынын аты боюнча же өз аты менен фамиля берет.
Белгилей кетсек, ЗАГСынын борбордук аппаратынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2008-жылдын 9 айында 24 миң 498 фамиляларды өзгөртүү болгон. Анын ичинде Бишкекте 2 миң 332 учур катталган.

 
2050-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 664 миңге жетиши мүмкүн
Бишкек, 15-январь. (КАЬАР). 2050-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 664 миңге жетиши мүмкүн. Мындай божомолду БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер бөлүмүнүн демографиялык өзгөрүүлөргө атайын жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылган.
Алардын маалыматында, 2050-жылга карата жер шаарынын калкы 1,5 эсеге көбөйөт же 9,1 миллиардга жетет. Жарым кылымдан кийин демографиялык өсүштө негизги үч маселе жаралат. Алар: калктын жалпы карышы, төрөлүүнүн кыскарышы жана СПИД эпидемиясы. Дүйнөдө калктын санын өсүшү азыраак өнүккөн өлкөлөрдөгү демографиялык өсүүлөрдүн негизинде болот. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө калк санында кыйла өзгөрүүлөр болбойт.
2050-жылы калкынын саны көп болгон өлкөлөрдү Индия, Кытай, АКШ, Пакистан, Индонезия, Нигерия жетектейт. Ал эми бул жылдарда көп төрөлүүлөр Ооганстан, Буркина-Фасо, Бурунди, Чадда байкалат. Мурдагы советтик өлкөлөрүнүн ичинен Россияда калктын саны 31 миллионго, Украинада 20 миллион адамга азайышы мүмкүн.
Эң узак жашагандар Япония, Кытай, Швеция, Швейцария жана Исландияда болот. Ал эми СПИД дарты кылымдын ортосунда 480 миллион адамдын өмүрүн алышы мүмкүн.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 25 > 28
  TKA 2008