TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
С.Раев: 2008-жылы кыргыз маданияты өзүнүн өнүгүшүнүн жаңы деңгээлине чыкты
Бишкек, 12-январь (КАБАР). 2008-жылы кыргыз маданияты өзүнүн өнүгүшүнүн жаңы деңгээлине чыкты. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” маалымат агенттигине интервьюсунда Кыргызстан Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.
“2005-жылдагы март революциясына чейин маданияттын өнүгүшү жөнүндө көп сөз болуп келгендиги жашыруун эмес. Жогорку кызматтагы чиновниктер ооз жүзүндө көп жолу кыргыз маданиятын көтөрүүгө убада беришсе да, жер-жерлерде айылдык клубдар китепканалар кыйрады. Маданияттын керемет менен сакталып калган объектилери тезинен оңдоого муктаж болду. Курманбек Бакиевдин келиши менен маданиятка мамиле түп тамырынан өзгөрүлдү. Соңку жылдарда биз маданиятты тарыхта мурда болуп көрбөгөндөй өлчөмдөргө чейин каржылоону көбөйтүүгө жетиштик. Өткөн жылы республикалык бюджеттен дээрлик жарым миллиард сом бөлүндө ал эми маданият калдык принциби боюнча каржыланып келген мезгил да болгон. Өткөн жылы борбордогу опера жана балет театры, Кыргыз драма театры, жаштар театры жана айылдардагы маданият үйлөрү, китепканалар оңдолду”, -деп белгиледи министр.
 
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 296 миңге жетти

Бишкек, 12-январь. (КАБАР). Акыркы маалыматтар боюнча, тагыраак айтканда, 2008-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 296 миңге жеткен. Ал эми акыркы айларда бул көрсөткүч 44,2 миң адамга көбөйгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.
Негизинен калктын санынын өсүшү Жалал-Абад, Ош областарында он айда 1,2 пайызга жогорулап жана Баткен областы менен Бишкек шаарында 1 пайызга өскөн. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүчтү Ош шаары (0,1 пайыз) жана Чүй областы (0,4 пайыз) көрсөттү.
 
“Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө” токтомдун аткарылышы тууралуу буйрукка кол койулду
Бишкек, 10-январь (КАБАР). Кыргыз Республикасынын премьер-министри Игорь Чудинов Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынын 2002-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн буйругуна кол койду. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул буйрукка ылайык төмөнкүлөр чечилди:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына сунуш кылынсын:
- Кыргыз тилинин жаңы орфографиясын өзүнчө басып чыгарууну уюштуруу жана аны менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондусуна каралаган каражаттардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында бардык мамлекеттик мекемелерди камсыз кылуу;
- Мамлекеттик мекемелер тарабынан басылып чыккан окуу китептеринин жана башка басма продукциясынын текстеринин мазмуунун Кыргыз тилинин орфографиясына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү.
Билим берүү жана илим министрлигине кыргыз тилинин жаңы орфографиясын республиканын бардык билим берүү мекемелеринде ишке киргизүүнү турмушка ашыруу тапшырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2009-2010-жылдардын ичинде Кыргыз республикасындага калк конуштарынын, жерлердин жана дарыялардын аталыштарынын көрсөткүчтөрүн кыргыз тилинин жаңы орфографиясына ылайык келтирсин.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык, “Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн аталыштарын кыргыз тилинин орфографиясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ылайык келтириши;
- Ушул буйруктун аткарылышында тиешелүү аймакта жайгашкан бардык мекемелерге жана уюмдарга жардам көрсөтүшү зарыл”.
 
Быйыл Кыргызстандагы ар бир үй бүлөө социалдык паспортко ээ болот
Бишкек, 5-январь. (КАБАР). 2009-жылдан тарта Кыргызстандагы ар бир үй бүлөөгө социалдык паспортко ээ болот. Социалдык паспортто үй бүлөөнүн мүчөлөрү, алар тууралуу маалымат, гендердик графа, үй бүлөөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси, турак жайынын абалы көлөмү ж.б. маалыматтарды камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Үктөмхан Абдуллаеванын сөзү боюнча, социалдык паспорттордун ачылышы менен биз республикадагы реалдуу социалдык абалды көрө алабыз.
“Бизде муктаждыгы жок үй бүлөөлөр да жеңилдиктерди, мамлекеттик пособиелерди алган учурлар да кездешүүдө. Андан сырткары 10 жылдан бери пособие алып жүргөн үй бүлөөлөр бар. Алар мамлекеттин эсебинен жашап, шарты, ден соолугу эмгектенүүгө уруксаат берсе да, эмгектенейин деген ойлору да жок. Биз бул жагдайдан чыгуубуз зарыл, ар бир үй бүлөө өз материалдык абалын ондош, жакшыртыш үчүн эмгектенүүсү зарыл”, - деди Ү. Абдуллаева
 
Кыргызстандагы Мусулмандар биримдиги Газа тилкесиндеги атышууну токтотууну талап кылууда
Бишкек, 5-январь. (КАБАР). Кыргызстандагы Мусулмандар биримдиги Израил аскерлери Палестин автономиясынын тургундарына каршы чабуул жасап жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” биримдиктин төрагасы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Кайрылууда бейкүнөө адамдардын курман болушуна ислам, христиан, будда жана башка диндерди туткан адамдар жол бербеши керек деген чакырык дүйнө коомчулугуна айтылып, Газа тилкесинен Израилдин аскерлери чыгарылсын деген талап коюлган.
Биримдиктин жетекчилиги кайрылууну бүгүн БУУ, ЕККУ уюмдарына жана АКШнын, Кытайдын, Орусиянын Кыргызстандагы элчиликтерине берип, аны эске алууну өтүнүшөт.
Акыркы маалыматтар боюнча 400 жакын адам каза болуп 2 миңден ашыгы ар кы даражадагы жаркаттарды алышкан.
 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 26 > 28
  TKA 2008