TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
Быйыл Ошто бүткүл дүйнөлүк жаш таланттардын сүрөт көргөзмөсү пландаштырылган
Бишкек, 5-январь. (КАБАР). Быйыл Ош шаарында эл аралык жаш таланттардын сүрөт көргөзмөсү уюштуруу пландаштырылган. Бул тууралуу Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусство музейинин деректири Юристанбек Шыгаев “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. “Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Султан Раев менен болгон жолугушуу учурунда ал 2009-жылы Ош шаарында жаш таланттардын эл аралык сүрөт көргөзмө фестивалын уюштурууну сунуштады. Мен бул сунушту жогору баалап, мындай фестивалдар жаштардын талантын мындан аары да өркүндөшүнө салым кошот деп ойлойм. Башка мамлекеттердин сүрөтчүлөрү, чыгармачыл адамдар менен жолугушуулар, мастер калсстарды уюштуруу ж.б.у. иш чаралар биздин жаштардын пайдасына гана деп ойлойм”, - деди ал.
Биздин жаш сүрөтчүлөрдүн фантазиясына жана кылган эмгегине жан дили менен берилип аткарганы, алдыга койгон максаттары белгилүү сүрөтчүнү кубандырат. “Кыргыз жаштарынын искусство багытындагы жетишкендиктери зор, биздин наамды көптөгөн эл арлык фестивалдарда, конкурстарда бийик көтөрүп келиши биз үчүн чоң жетишкендик”, - деди ал
 
Улуттук китепкананын фондунда 89 тилде 6 миллиондон ашык адабий, илимий китептер сакталган
Бишкек, 25-декабрь. (КАБАР). Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фондунда 89 тилде 6 миллиондон ашык адабий, илимий китептер сакталган.
Бул тууралуу Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева билдирди. Анын сөзү боюнча, жылына китепкананын кызматы менен 400 минден ашык адам пайдаланат. Алар 1,5 млн. ашык ар кыл китептер жана маалыматтык булактар менен пайдаланышат, мындан тышкары телефон байланышы жана кат жүзүндө 100 миңден ашык маалымат алышат.
Кыргызстанда 2008-жылы “Кыргызстандын жаңы адабияты” аттуу оn-lain журнал (literature.kg) ишке кирген. Бул жерде бүгүнкү күндөгү авторлордун көркөм адабият, проза, поэма, илимий эмгектер жарык көрөт. Бул журналда Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тартып жазылган чыгармалар кабыл алынат. Анын негизги максаты жазуучуларга колдоо көрсөтүү, калың калкка таратуу.
Бүгүнкү күндө 246 эмгек жарыяланган, журналда автордун укугу толук сакталып калат
 
Кыргыз маданияты жөнүндө Борбордук Азияда чоң канагаттануу менен сөз кыла баштады

Бишкек 2-декабрь (КАБАР) “Биздин кыргыз маданияты жөнүндө учурда Борбордук Азия чөлкөмүндө чоң канагаттануу менен сөз кыла баштады. Өзүбүздүн маданият аркылуу өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүү деген программабыз бар”-дейт КР маданият жана маалымат министри Султан Раев “Кыргыз Туусу” гезитиндеги макаласында.
Пекинде Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Кыргызстан биринчи жолу Азия өлкөлөрүнүн Хенень шаарында өткөн 10-искусство фестивалына катышты. Кыргыз өнөрпоздору ошондо катышкан 26 мамлекеттин ичинен «Күмүш глобус» сыйлыгын алышты. Бул деген биздин искусствобуздун жогору экендигинин белгиси-дейт ал.
-Акыркы жылдары биздин чыгармачыл жамааттарыбыз дагы ийгиликтерге жетише башташты. Азыр бардык облустарыбызда профессионалдык театрларыбыз бар. Жакында эле Таласта ачылды. 2007-2008-жылдары катары менен театр искусствосунда эл аралык фестивалдарда баш байгени утуп алдык. 2006-жылы «Маданияттын 100 долбоору» программасын иштедик. Ошондо бардык театрларыбызды, филармониябызды эл аралык сынактарга, мелдештерге катыштырууну максат кылганбыз. Буйруса ал жүзөгө ашты десем болот.
Музейлер боюнча дагы натыйжалуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мисалы, Кыргыз Улуттук тарых музейин экспозициялоо иштери жүрүп жатат. Бул максатта атайын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому чыккан. Айта турган болсок, 2011-жылга чейин музейди жаңы экспозиция менен толукташ керек, бул өтө татаал маселе. Экспонаттар, музейдин ичиндеги көргөзмөлөр түп-тамырынан бери, мазмуну-мааниси жагынан дагы өзгөрүш керек-деген пикирин айтат.
-Биздин жетишкендиктерибиздин дагы бири, биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк тарыхый мурастар тизмесине кирүүгө чоң кадам таштадык. Сулайман тоону Канадада коргоп, натыйжада Сулайман тоо Испанияда Бүткүл дүйнөлүк тизмеге киргизилгени жатат.
Айылдык маданиятка да көңүл буруу жыл сайын өз деңгээлине жакындашууда. өнөрпоздорду жандандыруу максатында «Эл ичи-өнөр кенчи» аттуу өзүнчө фестиваль өткөрдүк. Китепканалардын ишин жандандыруу үчүн дагы конкурс жарыялаганбыз. Кыргызстанда учурда 1040 китепкана иштеп жатат. Келе жаткан 2009-жылды китепкана жылы деп жарыялаганы жатабыз. Элибиз үчүн китепкана өзгөчө маанилүү. Чынында акыркы он-он беш жыл аралыгында китепканалардагы китеп фондусу жардыланып кеткени ырас.
Эскерте кетүүчү нерсе, биздин театрларда советтик системанын эски саркындысы алиге чейин калып калган. “Мамлекет айлык акыны да, коммуналдык кызматты да, ремонтту да, ж.б. нерсени өзү камсыздайт, мамлекет берсе оюн коебуз, болбосо жок”, - деп олтура беришет. Азыркы мезгилдеги театралдык кырдаалды изилдеп чыгып, реформалообуз керек. Маданият жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы Президенттик администрациядан өттү, жыл аягына чейин Жогорку Кеңешке алып чыгам, Жаңы мыйзам кабыл алынып калса, анда маданиятка болгон мамиле таптакыр башка болот. Жаңы системага өтөбүз. Анда көптүн арасында жүрө берип эле, эки жылда бир спектаклге чыгып коюп, 24 ай маяна алып эптеп жүрө берүү эмес, чыгармачыл адамдын ички потенциалын өнүктүрө турган саясат болот. Ар бир артист, актер өзүн өзү реализация кылганга, дүйнө таанымын алып чыкканга жеткирген деңгээлге чыгыш керек. Ошон үчүн келерки жылы февраль айында театр маселеси боюнча чоң жыйын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз, ошого анализ жүргүзүп, изилдеп, мониторинг жүргүзүп, негизги маселелерди алып чыгабыз-дейт маданият жана маалымат министри.

 
Эднан Карабаев Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан менен жолугушту

 Бишкек, 28-ноябрь. (КАБАР). Бүгүн, 28-ноябрда Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Эднан Карабаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан менен жолугушуусу болду. Бул туурасында бүгүн ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Министрдин пикири боюнча, эки өлкөнүн ортосунда өнөктөштүктү чыңдоо үчүн зор потенциал бар. “Муну товар жүгүртүүнүн көбөйүшү далилдейт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 180 миллиондон ашуун АКШ долларын түзгөн”, - деп айтты Э. Карабаев.
Али Бабажан Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө ишенгендигин билдирди.

 
Курманбек Бакиев Түркиянын тышкы иштер министри А.Бабажан менен жолугушту

Бишкек, 28-ноябрь. (КАБАР). Президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт үйүндө Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан менен жолугушту.

К.Бакиев өзүнүн саламдашкан сөзүндө Кыргызстан Түркия менен мамилелерге зор көңүл буруп жаткандыгын белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкө дайыма саясий маселелерде бири - бирин колдоп келишкендигин айтты жана андан аркы кызматташууга үмүттөнгөндүгүн билдирди.
Али Бабажан Кыргызстанга келгендигине кубанычтуу экендигин айтты. “Түркия биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бизде небактан бери боордоштук жана достук мамилелер өнүгүп келген. Биз Кыргызстандын экономикасындагы зор жылыштарды байкадык жана буга кубанычтуубуз. Эгерде Кыргызстан бактылуу жашаса, бул биз үчүн да бакыт”, - деп айтты Түркиянын тышкы иштер министри.

 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 27 > 28
  TKA 2008