TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Президент Роза Отунбаева Түркиянын делегациясын кабыл алды

Бишкек, 25-август. (КАБАР). Бүгүн, 25-августта КР Президенти Роза Отунбаеванын тышкы иштер министринин орун басары Хаккы Акил баштаган түркиялык делегация менен жолугушуусу болду. Ошондой эле жолугушууга КР Президентинин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Муктар Жумалиев, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, Түркия ТИМ КМШ боюнча Департаментинин элчиси Ахмет Рыза Демирэр, Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал, Түркиянын Кызыл жарым ай улуттук коомунун төрагасы Омер Ташлы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Хаккы Акил жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекет башчыга Кыргызстандын түштүгүнө болгон сапары тууралуу айтып берди. Анын пикринде Ош жана Жалал-Абад шаарларында болгон учурда аябай кейип, мамлекетке жардам берүү керектигин түшүнгөн.

Р.Отунбаева Түркияга Кыргызстан үчүн оор учурда жардам бергендиги жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин келечектеги кызматташтыгын, Кыргызстанга жардам берүүнүн жолдорун талкуулашты.

Эске сала кетүүчү жагдай, Түркия өлкөбүзгө 21 млн доллар жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул жардамдын 11 млн доллары июнь айындагы тополоңдо жабыр тарткан адамдарга жумшалат. (Э.Момунов)

 
  TKA 2008