TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Бишкекте 2-апрелде “Түрк музыкасынын кечеси” концерти болот
Бишкек, 1-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. Эртең, 2-апрелде Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң концерттик залында Түркиядан келген музыканттардын катышуусунда "Түрк музыкасынын кечеси" аталышындагы чоң концерт болот. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданият жана маалымат иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда Түркиядан композитор, дирижер жана аранжировщик, түрк эл музыкасын изилдөөчү-новатор Муса Гочмен башында турган бул концерттке беш ырчы келген.

"Кабар" агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин аталган өкүлчүлүгүнүн башчысы Нафиз Шахин республикабыздын эгемендүүлүгүн алгач тааныган Түркия республикасы тектеш кыргыз-түрк элдеринин карым-катнашынын келечеги маданият тармагында экендигин да белгиледи. Бирок бул багытта пландаштырылган бир топ иш чаралар өткөн жылы өлкөбүздөгү саясый окуяларга байланыштуу убактылуу токтотулуп, мына азыр гана алгачкы долбоор ишке ашып отурат.

Түркиялык ырчылардын концерти болгону бир күнгө белгиленген. Анда түрк элинин фольклордук, классикалык чыгармалары гана эмес, "Ысык-Көл", "Эсимде" аттуу кыргыз ырларын да түрк ырчылары аткарышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, жалаң эркек ырчылардан турган түрк өнөрпоздору Кыргызстанга алгачкы ирет келишүүдө. Алардын бири Жумхур Кожа мырза "Биз түпкү мекенибиз болгон Ала-Тоого алгач келип отурабыз. Себеби бир кезде ата-бабаларыбыз ушул аймактан Акдеңиздин жээгине чейин барып, ошол жерди мекендеп калышкан экен. Албетте, көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып чыктым, бирок Кыргызстан мен үчүн ыйык да, жакын да болуп саналат. Адам баласынын турмушунда музыканын ролу баа жеткис. Андыктан түбү бир кыргыз-түрк элдеринин байланышын чыңдоо үчүн биз музыка жаатында да тыгыз кызматташтыкта болушубуз керек",- деди.(Фотосу - Т. Досалиевдики).

 
  TKA 2008