TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Кытай-кыргыз-өзбек темир жолу Иранга, Перси булуңуна чыгууга жол ачат
Бишкек, 4-апрель /Эмилбек Момунов – Кабар/. Мурда маалымдалгандай, 30-31- март күндөрү Бишкекте кытай-кыргыз-өзбек темир жол курулушун каржылоо боюнча кыргыз-кытай эксперттик тобунун үчүнчү жыйыны болуп өттү. Иш чарага кыргыз тараптан “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын” Башкы директору А. Малабаев жана кытай тараптан Кытай эл аралык подрядчиктер ассоциациясынын вице-президенти Чи Чангхай төрагалык кылышты.

Эл аралык маанидеги бул темир жолдун сунуш кылынган багыты Кытайдан башталып, андан соң биздин аймакка Торугарт чек арасынан туннел аркылуу өтөт. Андан соң Чатыр-Көл, Арпа аркылуу Фергана тоо кыркасынан уланып, 14 километр туннелден Өзгөн районунун аймагына чыгат.

Аталган темир жолдун курулушу республикабызга бирдиктүү дүйнөлүк транспорт тутумуна кирүүгө жана мамлекеттер менен континенттер аркылуу тоскоолдуксуз транзиттик жүк ташууга мүмкүнчүлүк жаратат. Геосаясый деңгээлде бул жаңы Евроазиялык темир жол көпүрөсү бир нече ондогон мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыгына жооп берет. Натыйжада Кытайдан бул магистралдан Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу Иранга жана Перс булуңунун портторуна, Жакынкы Чыгышка, Түркияга, Түштүк Европага жана Түндүк Америкага жол ачылат. Ал эми Казакстан аркылуу Каспий деңизиндеги Актоо портуна чыгууга болот. Ал жактан Россия аркылуу Европага же Перс булуңуна жол ачылат. Башка багыт менен же Кытайдын түштүгүнөн же чыгышынан Тынч окендын жээгиндеги баардык порттор менен байланыш түзүлөт.

Жыйындын жүрүшүндө эки мамлекеттин эксперттери долбоорду каржылоонун мүмкүн болуучу варианттарын да талкуулашты. Анын ичинде “ресурстарды инвестицияга алмаштыруу”, узак мөөнөттүү кредит, концессиялык макулдашуу сунуштары бар. Ар бир вариант боюнча тараптар өздөрүнүн сунуштарын айтышып, артыкчылыктарын жана кемчиликтери тууралуу сөз болду.

Жыйынтыгында тараптар каржылоонун бир эле модели менен чектелбей, ыңгайлуу варианттарды мындан ары да талкуулоо чечимин кабыл алышты.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттердин өкмөттөрүнө бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн өтө маанилүү ири масштабдуу долбоорду тезирээк ишке ашыруу боюнча сунуш берилет.

 
  TKA 2008