TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Ахматбек Келдибеков:Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын кечти



Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/.
Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркия Премьер-министри Режеп Тайып Эрдогоган менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.

Жолугушуу жүрүшүндө Эрдоган мырза Түркия тарап Кыргызстандын 51 млн АКШ доллары көлөмүндөгү карызын толугу менен биротоло кечкендиги тууралуу билдирди. Анын айтымына караганда, чечим кабыл алынды, аны мыйзамдаштыруу иштери гана калды.

Андан сырткары, Ахматбек Келдибеков Түркия сындуу эле Кыргызстан да мамлекеттик бийликтин парламенттик башкаруу таризин тандап алгандыгын, ошондуктан тили жана дили окшош боордош эл менен алаканы арттыруу зарылчылыгы бар экендигин баса белгиледи.
 
  TKA 2008